Радио

Архив кызматы документтерди сактоонун жаңы ыкмаларын издеп жатат

Мамлекеттик архив кызматынын төрайымынын орун басары Аскат Назаралиев өлкөдөгү 65 мамлекеттик архивге жаңы ыкмалар менен иштөө талабы коюлуп, кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик архив кызматы документтерди санариптештирүүгө чоң басым жасап, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен узак мөөнөткө сактоо ыкмаларын издеп жатат. Процессти жүзөгө ашыруу үчүн көп каражат керектелет. Бул тууралуу Аскат Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маанилүү архивдик документтерди сактоодо коопсуздук ишине көңүл бурулууда.
"Мамлекеттик архив кызматы документтерди санариптештирүүгө чоң басым жасап, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен узак мөнөөткө сактоо ыкмаларын издеп жатат. Алсак, өнүккөн өлкөлөр учурдун талабына ылайык жаңы ыкмаларды пайдаланып, документтерди сактоонун түрдүү форматтарын иштеп чыгууда. Албетте, бул процессти жүзөгө ашыруу үчүн көп каражат керектелет. Республиканын архивдеринде XIX кылымдын ортосунан азыркы учурга чейинки мезгилди камтыган 4 миллион 400 миңден ашык документ бар. Анын ичинен 4 миллион 292 миңи кагаз жүзүндө, 16 миңден ашууну кинокадрларда, 92 миңге жакын фотодокумент, 6 миңден ашыгы аудио жана миңден ашык документ видео түрүндө сакталган. Мындан тышкары, маанилүү архивдик документтерди сактоодо коопсуздук ишине көңүл буруу кажет. Ага байланыштуу республикадагы 65 мамлекеттик архивде бир топ өзгөрүүлөр болуп, жаңы адистерге муктаждык жаралды", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис Мамлекеттик архив кызматы кыргыздарга тиешелүү документерди алуу максатында Кытай, Венгрия, Өзбекстан, Россия архивдери менен кызматташып жатканын кошумчалады.