Калыс ката чечим чыгарды. Акылбек Жапаров Үзүр Жүзүпбековдун күрөшү тууралуу

Өкмөт башчы Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен баарлашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан улуттук курама команданы куттуктап, колдоо сөздөрү менен телефон чалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен баарлашып, алдыңкы орундарды багынткан балбандарды куттуктаган.
"Өкмөт башчы бүтүндөй өлкө улуттук курама командага жан үрөп жатканын жана калыстын катасынан күмүш алган Үзүрбек Жүзүпбеков баш болгон спортчулары үчүн катуу тынчсызданып жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Үзүр Жүзүпбековдун финалдагы күрөшү талаш жаратып, коомчулук "калыстар адилет караган жок" деп жатат. Себеби Үзүр 4:4 эсебинде артыкчылык менен бараткан, бүтөрүнө 17 секунда калганда ирандык атаандашы "бетке сүздү" деп кармашты токтотту. Мындан улам калыстар кыргызстандык балбанды жазалап, каршылашына эки упай берген.
1 / 2

Белгилей кетсек, Үзүр Жүзүпбековдун финалдагы күрөшү талаш жаратып, коомчулук "калыстар адилет караган жок" деп жатат

2 / 2

Себеби Үзүр 4:4 эсебинде артыкчылык менен бараткан, бүтөрүнө 17 секунда калганда ирандык атаандашы "бетке сүздү" деп кармашты токтотту. Мындан улам калыстар кыргызстандык балбанды жазалап, каршылашына эки упай берген.

Ошондой эле Жапаров алдыда чыга турган балдарга ийгилик калаады.
"Биз бардык спортчуларыбыз менен чексиз сыймыктануудабыз. Чемпионаттын алгачкы күндөрү жети медаль алып келди. Бул эң сонун башталыш! Мелдештерде чемпиондук үчүн күрөшө элек спортчуларыбызга ийгилик жана жеңиш каалайм", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Буга чейин президент Садыр Жапаров да балбандарды жалпы кыргыз элинин атынан жеңиши менен куттуктаган.
Азия чемпионаты: Кыргызстан командасы грек-рим күрөшүнөн 2-орунду ээледи