Балбан Жоламан Шаршенбеков Азиянын чемпиону болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Азиянын чемпиону болду.
Ал Астанада өтүп жаткан континенталдык биринчиликте алтын медаль утту.
Балбан финалда түштүк кореялык Хан Жаи Чанг менен кармашып 10:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Шаршенбеков чейрек финалда индиялык каршылашын 53 секундда багындырып, жарым финалда япониялык спортчуну жеңген.
Дагы бир кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев (67 килограмм салмакка чейин) коло медаль алды.
Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду. Видео