БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу депутаттарды шайлоодо электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулду. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган система сынамак иретинде кечээ, 9-апрелде, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо иштеген. Анда онлайн добуш берүү үчүн 841 адам катталса, 694ү же 82,52 пайызы катышкан. Ал эми салттык режимде 4 526 шайлоочу добуш бергени участкаларга келген, бул 29,51 пайызын түзөт.
"Электрондук добуш берүүдө катышуу абдан жогору болду. Шайлоочуларга терең ыраазчылык билдиребиз. Өз укуктарын да ишке ашырышты, биздин реформаларга да салым кошушту. Анткени азыр анализ жүргүзүп кийинки чечимдерди кабыл алабыз. Мындай форма шайлоочулар каякта болбосун маанилүү саясий процесстерге катышууга мүмкүнчүлүк берет. Электрондук добуш берүү үчүн 14 өлкөдөн катталган", — деди БШКнын төраймы Нуржан Шайлдабекова.
Форма №2 жоюлганына байланыштуу жана миграцияны эске алуу менен электрондук добуш берүүнү тесттен өткөрүү пландаган. Ал үчүн шайлоочулар биометрикадан өтүшү керек, электрондук кол тамгасы болушу шарт. Алар БШКнын сайтындагы кабинетине кирип каттоодон өтөт. Интернетке кошулган телефон же компьютер аркылуу аралыктан өз талапкерлигин шайлай алат.
Белгилей кетсек, узаган жекшемби күнү Кыргызстанда 14 айылдык кеңештин депутаттарына шайлоо өттү. Жалпысынан алганда шайлоого катышкандардын саны 39 пайызга гана жеткен.