Радио

Бишкек шаардык драма театрынын 30 жылдыгына карата жумалык өтөт

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек драма театрынын артисти, КРдин эмгек сиңирген артисти Динара Абдыкадырова аталган театрдын 30 жылдыгы белгиленип, "Каркыранын канаты" спектакли бир жума бою коюларын айтты.
Sputnik
Бишкек шаардык театры 1993-жылы 25-апрелде япониялык драматург Дзюндзи Киноситанын "Каркыранын канаты" спектакли менен ачылып, бүгүнкүгө чейин көп жолу сахнада коюлду. Эми театр жумалыгы 20-25-апрель аралыгында өтүп, япон жомогу көрүүчүлөргө тартууланып, аталган спектаклде роль жараткан актёрлордун баары чакыртылат. Бул тууралуу Динара Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз ССРинин эл артисти Асанбек Өмүралиев 2003-жылы каза болгондон кийин анын аты шаардык театрга берилген.
"1991-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти Асанбек Өмүралиев жубайы Айгүл Өмүралиева менен бирге шаардык эксперименталдык театр түптөгөн. Залкар таланттын көрөгөчтүгүнүн, кадырынын, даанышмандыгынын натыйжасында театр дүйнө кезип, ар кандай фестивалдарга катышты. Түрдүү жанрдагы эмгектери менен өзгөчөлөнүп, дайыма изденүүнүн үстүндө болгон. Бул маданий жай бир топ таланттуу, залкар актёрлорду чыгарган өнөрканага айланды. Кыргыз ССРинин эл артисти Асанбек Өмүралиев 2003-жылы каза болгондон кийин анын аты театрга берилген. Бишкек шаардык театры 1993-жылы 25-апрелде япониялык драматург Дзюндзи Киноситанын "Каркыранын канаты" спектакли менен ачылган. Быйыл театрдын 30 жылдыгына карата бир жума бою япон жомогу көрүүчүлөргө тартууланып, бул спектаклде роль жараткан актёрлордун баары чакыртылат. Аны Россиянын жана Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Владислав Пази сахналаштырат", — деди Абдыкадырова.
Ошондой эле адис театр жана кино актёру Арсен Өмүралиев тирүү болгондо 90 жашка чыкмактыгын кошумчалады.