Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пригожин контрчабуулга өтүүчү украиналык күчтөрдүн санын атады

Пригожиндин айтымына караганда, украиналыктар жер тоборсуп калганда, куралдын кошумча партиясы келгенден кийин контрчабуул башташы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Украина контрчабуул үчүн 200дөн 400 миңге чейин адамды даярдады. Бул туурасында "Вагнер" тобунун жетекчиси Евгений Пригожин "Кибер Фронт Z" кыймылынын өкүлдөрү менен жолукканда айткан.
Видео алардын Telegram каналына жарыяланды.
"Алар 200, ал эми кээ бир маалымат булактардын билдиргенине караганда, 400 миңге чукул өздүк курам жыйнаган. Муну көңүлгө албай коюуга болбойт", — деген ал.
Пригожиндин айтымында, контрчабуулду украиналыктар жер тоборсуп калганда, куралдын кошумча партиясы келгенден кийин башташы мүмкүн.
РИА Новости New York Times басылмасына таянып, интернетке АКШнын Украина боюнча жашыруун документтери тарап кетендигин жазды. Анда Киев бийлиги контрчабуул учурунда таяныч кыла турган элиталык аскерлерди Артемовскинин жанына которууга аргасыз болгон деп ырасташкан. Бул өлкөгө зыян алып келгени белгиленген.
Reuters өткөн аптада Киевдин "чабуулчулар гвардиясы" деп аталган камалоочу сегиз бригада даярдагандыгын кабарлады. Украинанын коргонуу министри Алексей Резник Wyborcza гезитине берген маегинде контрчабуулдар жер кургаганда башталышы мүмкүндүгүн айткан.
Киевдин, Батыштын аскердик эксперттери, саясатчылары Азов деңизинин жээгине жетүү жана Крымга өтүүчү кургактыктагы жолду кесүү үчүн Запорожьеге сокку уруу алардын багыттарынын бири болушу керектигин бир нече ирет айтышкан.
Ал эми аталган аймактан Россиянын жаңы субъектилеринин бири катары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кайсы гана чабуулуна болбосун даяр экендигин билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулун кандай натыйжа күтөт? Сереп