Бишкекте күчтүү препараттарды мыйзамсыз саткан эки дарыкана аныкталды. Видео

Ички иштер министрлиги күчтүү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча элден арыз-даттануулар түшкөн дарыканаларга атайын текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди.
Sputnik
Рейд учурунда дарыгерлердин көрсөтмөсү жок жана ККМ чексиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Тагыраагы, Бишкектеги эки дарыканада мыйзам бузуулар аныкталып, тропикамиддин 30 флакону, лириканын (прегабалин) 38 капсуласы жана 19 сомнол таблеткасы алынган. Аталган дарыканаларга 79 миң сом айып салынганы белгиленди.
Мындан тышкары, дары-дармек каражаттарын сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы жок ишкердик жүргүзгөн дарыкананын бирине карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларынан кийин юридикалык баа берилет.
Тема боюнча:
Кыргызстандан 1,2 млн. долларлык героин алып чыккан Тажикстандын жараны кармалды