Макрон Европанын Тайвандан улам чыккан касташууга аралашканына каршы. АКШ үн катты

Макрон Европанын башка аймактардагы өлкөлөрдүн күн тартибине ыңгайлашпай, эки жагын карап, өзүнүн кызыкчылыктарын ойлошу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Европа Кытай менен АКШнын ортосунда Тайвандан улам чыгып жаткан тирешүүгө аралашпашы жана "америкалык ритмге" ыңгайлашпашы керек. Бул тууралуу Франция президенти Эммануэль Макрондун айтканын РИА Новости жазды.
"Европалыктарга, бизге берилген суроо төмөнкүчө: Тайвань менен болгон маселенин тездетилип чечилишине кызыкдарбызбы? Жок. Биздин - европалыктардын Американын ритмине жана Кытайдын ашыкча реакциясына көнүшүбүз керек деген ойдо калганыбыз эң жаман болот. Эмне үчүн биз башкалар тандаган темп менен жүрүшүбүз керек?" — деген Макрон Echos басылмасына.
Анын айтымына караганда, европалыктар көзүн чоң ачып, эки жагын карап, өзүнүн кызыкчылыгын ойлошу керек.
"Биздин приоритет башка аймактардагы өлкөлөрдүн күн тартибине ыңгайлашууда эмес", — деп кошумчалаган француз лидери.
Макрондун билдирүүсүнө Флорида штатынан сенатка шайланып келген республикачыл Марко Рубио комментарий кылган. Андай болсо АКШ Европаны таштап туруп, Украина маселеси менен өз алдынча алектенип, Тайвань көйгөйүнө басым жасаш керектигин айткан.
"Биздин эмес башкалардын чатагына аралашпашы керек дегенде, Европанын өзүнөн президент алардын атынан айтып жатканын сураш керек. Себеп дегенде биз Украина маселесине тереңдеп аралашып, биздин салык төлөөчүлөрдүн акчасынан европалык (конфликт. — ред.) ... жетиштүү түрдө төлөп жатабыз. Мен да муну колдогонмун, себеби биздин союздаштарыбыз үчүн союздаш болуу АКШнын эл аралык кызыкчылыгына жооп берет деп ойлогом. Эгерде Макрон жалпы Европанын атынан айтып жатса, алардын Тайвань боюнча АКШ тарапты да, Кытай тарапты да тандабаш керек деген позициясы болсо, анда биз да эч бир жакка басым койбошубуз керектир? Анда "биз Кытай тараптан болуп жаткан Тайвандын кооптуулугуна гана көңүл буруп жатабыз, ал эми силер Украина жана Европа маселесин өзүңөр чечип алгыла" деп айтып чыгарбыз. Макрон өзүнүн атынан сүйлөп жатабы же Европанын атынын сүйлөп жатабы, такташыбыз керек", — деген Рубио Twitter тармагына жарыялаган видеосунда.
Анын пикирине караганда, эгерде ЕБ чатак жана коргонуу жаатында Макрондун позициясын карманса, бул АКШга бир топ финансысын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өткөн жылдын август айында аралга баргандан кийин курчуп кеткен. Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептеп, башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн аралга келишин Тайвандын көз карандысыздыгын колдоо катары баалап келет.
Белгилей кетсек, Кытайдын борбордук өкмөтү менен аралдык провинциясынын ортосундагы расмий мамиле 1949-жылы токтогон. Чан Кайши башында турган Гоминьдан Кытай Компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилүүгө дуушар болуп, Тайванга жер которгон. Байланыш 1980-жылдардын соңунда гана жандана баштаган. 1990-жылдын башынан тарта тараптар бейөкмөт уюмдар аркылуу алака түзгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина, Тайвань, акталган ураны бар снаряд... Батыш согушту кызытып жаткандай