Балбан Жүзүпбеков Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу утуп жаткан, бирок таймаштын акырында калыс аны атаандашын башка койду деген кине менен айыпка жыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Үзүр Жүзүпбеков Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду.
Спортчу 97 кг салмакта күч сынашып, жалпы төрт беттеш өткөрдү.
1/8 финалда кореялык балбанды 1:10 эсебинде, 1/4 финалда казакстандык балбанды 1:3 эсебинде, жарым финалда индиялык спортчуну 9:0 эсебинде жеңген.
Финалдык беттеште ирандык балбан менен күрөшүп, эсеп саны 7:4 болгон. Кармаш учурунда Жузупбеков 4:0 эсебинде утулган, бирок күрөштүн бүтөрүнө 15 секунда калганда чымырканып, эсепти теңеп, артыкчылык алган.
Бирок калыс атаандашын башка урду деген кине менен айыпка жыккан. Судья ирандык балбанга үч баллга ээ болууга мүмкүнчүлүк жаратып, ал жеңүүчү деп табылган. Мындай ызалуу окуядан кийин Жүзүпбеков көзүнө жаш алган.
Астанада өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстандын капчыгында бул сааттарда үч алтын, бир күмүш жана үч коло медаль бар.
Акылбек Талантбеков Кыргызстанга Азия чемпионатынан 3-алтын медалды алып берди