Кыргызстандагы аманаттардын көлөмү 340 млрд. доллардан ашты

Мурдагы рекорд өткөн жылдын соңунда болгон, анда дээрлик 339 миллиард сомго жеткен эле.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Февралдын соңуна карата Кыргызстандагы депозиттик база 344 миллиард 941 миллион сомго жетти. Бул туурасында Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.
Эске салсак, бул жерде депозиттердин эле эмес, эсептердеги акчалардын суммасы да кошо каралды. Кеп юридикалык, жеке тараптардын жана резидент эместердин каражаты туурасында жүрүп жатат.
Маалыматтар:
январдын соңуна карата — 337 миллиард 220,4 миллион сом;
февралдын соңуна карата — 344 миллиард 941 миллион сом.
Тагыраагы, депозиттик база 7,7 миллиард сомго көбөйгөн. Мурдагы рекорд өткөн жылдын соңунда болгон, анда дээрлик 339 миллиард сомго жеткен эле.
Өлкөдөгү банктардын кредиттик портфели көбөйүп, 204,6 млрд. сомго жетти