Адал колбасадан чочконун ДНКсы чыкты. "Тойбосс" компаниясынын жообу

Кыргызстандык компания Россельхознадзордун маалыматын четке кагууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирди.
Аталган кызмат Кыргызстандын тиешелүү органдарын Россияга сатылып жаткан продукцияларды жетишерлик көзөмөл кылбай жатканын сындады.
Россельхознадзордун билдирүүсү боюнча, өлкөдөн ташып барган адал колбасадан курамында бар экени жазылбаган чочконун эти менен соя чыккан. Деген менен Чүй облусундагы өндүрүш адал стандартын так сактоо менен эт азыктарын чыгарган компания катары көрсөтөт деп жазылган.
Кеп "Тойбосс" компаниясынын продукциясы тууралуу болуп жатканы болжолдонуп, кабар көпчүлүк кыргызстандыктарды уу-дуу кылды, анткени ал өндүрүштүн азыктары өлкөдө кеңири жайылган.
Бирок "Тойбосс" эч качан адал болбогон этти колбасага колдонбостугун айтып, мал союуда шарият мыйзамдары так сакталарына ишенүүгө чакырды.
"Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция адал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. Адал колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ, Катар жана Түркияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан. Биз эч качан алдаган эмеспиз жана мындан ары да ачык-айкын иш жүргүзүүнү уланта беребиз!" — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Мындан сырткары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Кыргызстандын Адал индустриясын өнүктүрүү борбору жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан алынган адал сертификаты бар экенин маалымдады.
Кыргызстан жыл башынан бери чет өлкөгө канча мал сатты? Статистика