Интернетте балдардын коопсуздугун сактоо үчүн алгач ата-эненин интернет технологиясы боюнча кабары болуш керек. Бул тууралуу Мунарбек Мавлянов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир шилтеме аркылуу колдонуучу тууралуу көптөгөн маалыматтарды алып койсо болот.
"Баланын интернеттеги коопсуздугун сактоо үчүн эң алгач ата-эне интернетти мыкты болбосо да орто деңгээлде өздөштүрүшү кажет. Анткени эч кандай маалымат болбой туруп баланын коопсуздугун сактоо мүмкүн эмес. Азыркы кезде бала эмнени көрүп же кайсы сайттарга кирип жатканы тууралуу атайын тиркемелерден жана программалардан билсе болот. Мындай кадамдар менен канчалык бир деңгээлде баланын интернеттеги коопсуздугун камсыздаса болот. Мисалы, көпчүлүгүбүзгө эле СМС келет жана аны башкалар менен бөлүшсө сыйлык берилет деп алдаганга аракеттенгендер абдан көбөйдү. Мындай оюндардын эң башкы максаты колдонуучу жөнүндө маалымат топтоо болушу мүмкүн. Эл бат эле бир нерсеге жетүүнү каалайт же болбосо белек алууну самайт. Ошентип хакерлердин торуна түшүп калууда. Мындан сырткары, WhatsApp тиркемесинен сыр нерселерди жазыша берсек эч ким окубайт деген ой жаңылыштык. Аны хакерлер же IT-адистери оңой эле окуп коюшу мүмкүн", — деди адис.
Ал ата-энелерди мүмкүн болушунча балага телефон бербей эле коюуга үндөп, тапшырмаларын компьютер аркылуу жасатканга чакырды.