Пресс-борбор

ЕАЭБдин рыногунда кандай эреже бузуу көп катталат?

Министр товарларга уруксат берген мамлекеттик органдарга ЕЭКтин дооматтары көп экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. ЕАЭБдин рыногунда кандай эреже бузуу көп каттала турганын ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко "ЕАЭБ бирдиктүү рыногу үчүн продукциянын коопсуздугун камсыздоо" аттуу видео көпүрөдө билдирди.
Иш-чара Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өттү.
Министрдин айтымында, көпчүлүк эреже бузуу жыл сайын эле кайталана берет.
"Азык-түлүк продукцияларынын 80 пайызында эреже бузулганы аныкталат. Электротехника продукцияларында дагы ушундай эле көрүнүш (85 пайыз). Балдар менен өспүрүмдөр үчүн товарлар, парфюмдар, косметикалык каражаттар менен оюнчуктар көпчүлүк учурда талаптарга жооп бербейт", — деди министр.
20-30 пайыз учурда маркировка боюнча коюлган талаптар аткарылбаган болот.
"Азык-түлүк продукциясынын 20 пайызында, электротехниканын 40 пайызында, оюнчуктардын 70 пайызында коопсуздук боюнча бир дагы документи жок. Бул эмне башка өлкөлөр албай койгон товарларбы? Бардык беш мамлекет үчүн керектөөчүлөрдү коргоочу бирдиктүү системаны түзүү үчүн эффективдүү диалог керек", — деди Назаренко.
Ал ошондой эле товарларга уруксат берген мамлекеттик органдарга ЕЭКтин дооматтары көп экенин кошумчалады.
Пресс-борбор
ЕАЭБ автоунааларга электрондук паспортторду киргизгени жатат