Эми Бишкектеги маршруткалардын кайда келе жатканын смартфондон көрүүгө болот

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Эми смартфон аркылуу эле Бишкектеги эл ташыган маршруткалардын кайсы жерде экенин көрүп турууга болот.
Мэрия бул кызмат "Менин шаарым" тиркемесине кошулгандыгын билдиришти. Буга чейин автобус менен троллейбустардын кайсы жерде бара жатканын билип турууга мүмкүнчүлүк жаралган.
Микроавтобустардын кыймылы боюнча https://e-meria.kg/transport-map шилтемеге кирип билсе да болот.
"Менин шаарым" тиркемесинин шилтемеси:
Android колдонгондор үчүн;
iOS колдонгондор үчүн.
Бишкектин борбордук бөлүгүнө унаа токтоттурбай... Бийликтин планы