Баткенде аткезчилик менен келген 4,3 млн. сомдук дары-дармек табылды

Сүрөттөргө караганда, жүк Тажикстандан алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Баткен облусунда 4,3 миллион сомдук мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 4

Баткен облусунда 4,3 миллион сомдук мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды

2 / 4

Жүк Volkswagen үлгүсүндөгү машинада болгон

3 / 4

Автоунаа Алга айылындагы Ош — Раззаков трассасынан токтотулган

4 / 4

116 куту жана 174 миң ампула алынды.

Жүк Volkswagen үлгүсүндөгү машинада болгон. Автоунаа Алга айылындагы Ош — Раззаков трассасынан токтотулган. Рулду Лейлек районундагы Арка айылынын тургуну башкарып бараткан.
УКМК тараткан сүрөттөргө караганда, жүк Тажикстандан алып келинген. Себеби таңгактын сыртында препарат коңшу өлкөдөн чыкканы жазылган. 116 куту жана 174 миң ампула алынды.
Бишкекте күчтүү препараттарды мыйзамсыз саткан эки дарыкана аныкталды. Видео