БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөнүүчү 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүү боюнча буйрукка кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет. Буйрукка ылайык, колдоо ардагерлердин төмөнкү категориясына көрсөтүлмөкчү:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармаган жайлардын жашы жете элек туткундарынына;
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга, "Блокадалык Ленинграддын жашоочусуна" белгиси менен сыйланган адамдарга.
Мындан тышкары, быйыл согуштун ардагерлерине мурдагы жылдардагыдай эле Улуу Жеңишти майрамдоого карата бир жолку акчалай жөлөк пулдар берилет. Анын суммасы айтылган эмес. Бирок өткөн жылы 20 миң сомду түзгөн.
Жалпысынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата республика боюнча 68 адам бир жолку материалдык жардам алат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом каралган.