Кар алдында калган кактустар: Аризонанын чөлдөрүнө кар түштү. Видео

Американын Аризона аймагында жаратылыштын адаттан тыш кубулушу болду, тагыраагы, аптаптуу Сонора чөлүнө жаздын башталышы менен кар түшүп калды.
Sputnik
Адам боюндай болгон кактустар карга оронду. Аны төмөнкү видеодон көрүүгө болот.
"Кардын мындай болуп түшүшү Аризонанын түштүгүндөгү Сонора чөлүндө сейрек кездешет", — деген роликтин автору.
Анткен менен экологдор табияттын мындай кубулушун кубануу менен кабыл алган жок. Алардын пикиринде, жаратылыштын мындай "тамашасы" — Жер планетасында глобалдуу жылуулуктун айкын белгилеринин бири.