Шымкентте айдоочусуз автобус жөө адамдарды тебелеп кетти. Үрөй учурган видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Башкаруусуз калган автобус ордунан жылып кетип, Шымкентте көчөдө бейкапар турган адамдарды тебелеп кетти. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады.
Айдоочу жол кырсыкка кабылгандан кийин автобусту кол тормозго коюп, сыртка чыкканын жазышты. Башкаруусуз калган автоунаа эңкейиште жылып кетип, көчөнүн четинде бейкапар турган алты кишини тебелеп, бешөө каза таап, бирөө жаракат алган.
Айдоочуну тартип сакчылар убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Түркияда жүк ташуучу автоунаа 16 кишини тебелеп кетти. Үрөй учурган видео