17 көз ирмем... Сергей Лебедевдин юбилейине арналган сүрөт түрмөк

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин баш катчысы Сергей Лебедев 9-апрелде өзүнүн 75 жылдыгын белгилөөдө.
Sputnik
Куттуктоолор менен каалоо-тилектерге Sputnik кошулуп, скауттан КМШнын Аткаруу комитетинин башчысына чейинки татаал жол тууралуу сүрөт түрмөк жарыялайт.
1 / 17

Лебедев Өзбек ССРинин Жизак шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, апасы Ленинград блокадасын баштан кетирген.

2 / 17

Сергей Николаевич балалыгы орустар, украиндер, езбектер, тажиктер, татарлар, еврейлер, немецтер чогуу жашаган өзбек махалласында өткөнүнө сыймыктанат

3 / 17

Ошол жылдардагы көптөгөн балдардай эле Сергей да космонавт болууну кыялданчу. Анын Герман Титовго арнаган ыры "Пионерская правда" газетасына жарыяланган.

4 / 17

Бирок тагдыр башкача чечим кабыл алган. Комсомолчу тез эле контрчалгындан байкалды. Ал жерден кийин СССР КГБсынын Биринчи башкы башкармалыгына кызмат кылууга кетип, 1975-жылы чет өлкөгө: адегенде ГДРге, андан кийин Боннго (ГФР) жөнөтүлгөн.

5 / 17

20 жыл бою Сергей Лебедев Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө болду, бирок анын Германияга өзгөчө сезимдери бар, ал жакта дагы достору көп

6 / 17

1998-2000-жылдары Сергей Николаевич Вашингтондогу Тышкы чалгындоо кызматынын расмий өкүлү болгон

7 / 17

Лебедевдин жубайы Вера Михайловна дүйнө жүзүн кыдырып, жолдошун бардык жерде коштоп жүргөн

8 / 17

Лебедев 2000-жылдын 20-майында Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору болуп дайындалган. Үч жылдан кийин ага Армиянын генералы наамы ыйгарылат.

9 / 17

Жаңы кызматында Лебедевге татаал, Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы менен чет элдик чалгын кызматтарынын өз ара иштешкен пунктуларын табуу миссиясы жүктөлгөн. Сүрөттө Сергей Лебедев ЦРУнун башчысы Жорж Теннет менен.

10 / 17

Тышкы чалгындоо кызматын жетектеп турган жети жыл бою Сергей Николаевич дүйнөнүн ар кайсы аймактарын кыдырып, башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушкан

11 / 17

Лебедевдин 2007-жылы КМШнын жооптуу катчысы кызматына дайындалышынын себептеринин бири ушул болгон

12 / 17

Лебедев КМШнын Аткаруу комитетинин башчысы катары өзүнүн миссиясын мындайча баяндаган: "Мен үчүн биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты сактоо – ыйык иш".

13 / 17

Сергей Николаевич адам менен бат тил табышып, аны өзүнө тарта алат

14 / 17

Лебедев "Мекен алдындагы кызматы үчүн" ордени менен сыйланган. Андан тышкары, Өзбекстандын "Дустлик" ордени, Беларустун "Ардак" ордени, Молдованын Улуу Стефан ордени жана коңшу мамлекеттердин көптөгөн сыйлыктарынын ээси.

15 / 17

Лебедев коңшу мамлекеттердеги шайлоолордо КМШ миссияларын такай жетектейт

16 / 17

2023-жылдын 1-январында Сергей Николаевич Лебедев КМШнын башкы катчысы болуп дайындалган

17 / 17

Сергей Лебедев ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин менен КМШ Экономикалык кеңешинин 97-жыйынында