Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов жана анын президент уулуна көңүл айтты

Түркмөнстандын азыркы президентинин 86 жаштагы чоң энеси, экс-президентинин энеси каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго энеси Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар", — деп айтылат телеграммада.
Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айткан.
Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго көңүл айтты