Париждиктер келемиштерди коргоп митингге чыгып жатышат

Париждин тургундары келемиштер шаар үчүн пайдалуу деп эсептешет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Парижде ооруну ташып жүрүп жуктурган, кооптуулук катары айтылган келемиштер шаар үчүн пайдалуу жана адамдар менен катар жашай бериши керек деп эсептеген энтузиасттардын тобу өсүүдө. Бул тууралуу The New York Post жазды.
Бир аз мурда Парижде таштанды жыйноочулар иш таштап, көчөлөрдө таштандылар үйүлүп, арасынан келемиштер чыга баштаган. Ошол учурда Animaux Zoopolis жаныбарларды коргоо уюмунун мүчөлөрү канализация "тургундарына" тилектештик кылып "Келемиштер биздин душманыбыз эмес" деген баннерлерди көтөрүп көчөгө чыгышты.
Чычкандарды изилдөөчү Майкл Х.Парсонс бул көрүнүштү абсурд деп атап, мунун баары 1-апрелге карата тамаша болсо керек деген пикирин айткан.
Бирок Франциянын баш калаасында көптөгөн тургундар келемиштердин 1300-жылдардын ортосунда Европанын калкынын 60 пайызын кырып салган чумага себепкер болгонуна карабай, аларга болгон сүйүүсү күчөп бара жатканын көрүүгө болот.
Франциянын жаш мууну келемиштер шаардагы таштанды көйгөйүн чечүүгө жардам берет, аларга гумандуу мамиле кылуу керек деген позицияны карманышат.
Радио
Мамбетова: келемиш, таракандардын көбөйүшү адамдар үчүн өтө кооптуу