Океандардын бетиндеги температура рекорддук чекке жетти

Буга чейинки рекорд 2016-жылы катталып, анда суунун үстүндөгү температурасы 21 градус болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. АКШнын Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгынын (NОАА) климат таануучулары 2023-жылдын апрель айында океандардын бетинин температурасы рекорддук деңгээл болуп эсептелген 21,1 градуска жеткенин билдиришкен. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.
Буга чейинки рекорд 2016-жылы катталган, анда суунун бетинин температурасы 21 градус болгон.
Белгиленгендей, акыркы үч жылда суунун температурасынын жогорулашы Тынч океандын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө Ла-Нинья сыяктуу көрүнүштөрдү жок кылган. Бул — суунун бетинин муздашы. Анын ордуна Эль-Нинья (тескерисинче, суунун жылышы) келди, бул климатка олуттуу таасирин тийгизет.
"Дүйнөлүк океандын үстүңкү бети барган сайын жылып, ал бара-бара тереңдеп бара жатат. Океандагы температуранын жогорулашы бороон-чапкындын ыктымалдыгын жогорулатып, мөңгүлөрдүн эришине алып келиши мүмкүн", — деп айтылат макалада.
Андан мурдараак, 5-мартта The Guardian Антарктиданын айланасындагы муздун аянты 1,79 миллион чарчы метрге чейин азайганын жазган. Бул — спутниктик байкоолордун бардык учурундагы эң төмөнкү көрсөткүч болгон.
Алдыңкы он жылда климат кандай өзгөрөт? Адистин жообу