БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңештерде шайлоо өтүп жатат.
Жалпысынан 254 депутат шайланат, анын ичинен 97 мандат аялдарга берилет.
Шайлоо болуп жаткан айылдар:
Нарын облусу, Жумгал району
Чаек айылдык кеңеши;
Көк-Ой айылдык кеңеши.
Баткен облусу, Баткен району
Самаркандек айылдык кеңеши;
Ак-Сай айылдык кеңеши;
Ак-Татыр айылдык кеңеши.
Ош облусу, Кара-Суу району
Отуз-Адыр айылдык кеңеши;
Алай району;
Кабылан-Көл айылдык кеңеши.
Ноокат району
Н.Исанов айылдык кеңеши.
Кара-Кулжа району
Кеңеш айылдык кеңеши;
Талас облусу, Кара-Буура району
Бакыян айылдык кеңеши;
Бейшеке айылдык кеңеши;
Шекер айылдык кеңеши.
Чүй облусу, Аламүдүн району
Байтик айылдык кеңеши.
Жайыл району
Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши.
Баса, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарында сынамык электрондук добуш берүү болот. Башкача айтканда, электрондук бюллетенди колдонуу менен шайлоо участогунан тышкары добуш берүү жана электрондук системада маалыматтарды автоматтык түрдө чогултуу жүргүзүлөт. Бүгүн шайлоо тилкелерине келе албагандар ушул жол менен добушун берет.