Кокту-колот, талаа-түздө иштеген кыргызстандык геологдор. Архивдик сүрөттөр

Апрель айынын башында өлкөдөгү геологдор кесиптик майрамын белгилешет. Sputnik Кыргызстан агенттиги табияттын, жер-суунун байлыктарын издеген илимпоздордун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Өлкөдө геологиялык кызмат өз ишин өткөн кылымдын 30-жылдары баштап, Ала-Тоо койнунда жаткан кен байлыктарды, баалуу металлдарды, минералдарды изилдей баштаган. Ал эми 1943-жылы СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз ССРиндеги филиалында Геология институту ачылып, мекеме согуштун оор жылдарында мамлекет үчүн стратегиялык маанилүү делген минералдарды изилдөөгө билек түрө киришкен. 13 адамдан турган илимий топто башка союздук республикадан келген окумуштуулар да болгон. Согуш аяктагандан кийин чалгындоо иштерине катуу көңүл бурулган. Гидрогеология, геофизика, инженердик геология, минерология лабораториялары кызуу иштеп, экспедициялык топтор аймактарды түрө кыдырып далай кендерди ачкан.
1 / 15

Ысык-Көлдүн Чоң-Кызыл-Суу капчыгайында иштеген геологдор. 1971-жыл

2 / 15

Борбордук Тянь-Шань тоолорун ат минип алып аралаган геологдор. 1970-жыл

3 / 15

Кыргызстандык геолог кыз-келиндер иш үстүндө

4 / 15

Кадамжайдагы сурьма комбинатындагы кенди иштетүү маалы. 80-жылдар

5 / 15

Сары-Жазда мөңгүлөр боюнча иштеген илимпоздор. Ысык-Көл облусу, 1966-жыл.

6 / 15

Тоо-таш, кокту-колотторду атчан аралаган геологдор

7 / 15

Кыргызстандык геологдор башка союздук республикадан келген советтик кесиптештери менен бир катар кендерди ачкан. Аламүдүн капчыгайы, 1989-жыл.

8 / 15

Союз маалында республиканын көпчүлүк аймагында чалгындоо иштери жүрүп, далай кендер табылган

9 / 15

Геологдорго тик учак менен жүк жеткирип бара жаткандар. 1971-жыл

10 / 15

Айдаркен сымап комбинаты. 1983-жыл

11 / 15

Окумуштуу Үсөнгазы Асаналиев шакирти менен тоо текти кароодо. 1989-жыл

12 / 15

Сүлүктүдөгү жаңы кенде оор техникалар менен иштеген кенчилер.1973-жыл

13 / 15

Чычкан капчыгайында мрамор казуудагы карьер иштери. 80-жылдар

14 / 15

Талас облусунун аймагында иштеп жаткан геологдор. 2012-жыл

15 / 15

Кыргызстандагы ири алтын кен Кумтөрдөгү техникалар

Тема боюнча:
Япондорго илбирс ичик жаап... Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөн күнү
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр