Бишкекте жумушчуларды жер басып калып, бирөө көз жумду. Сүрөт

Каза тапкан кишинин 31 жашта экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкектеги Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан эки кишини топурак басып калып, бирөө көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 2

Бишкектеги Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан эки кишини топурак басып калып, бирөө көз жумду

2 / 2

Адамдын өмүрүн алган окуя кечээ, 8-апрелде, болгон.

Адамдын өмүрүн алган окуя кечээ, 8-апрелде, болгон.
Кырсык боюнча маалымат түшөрү менен 112 кызматы беш куткаруучу менен барган.
"Ошол жерден каза тапкан 31 жаштагы К. Б. уулунун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган 26 жаштагы А. Т. аттуу жаранды Тез жардам кызматы алып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Ошто машина менен каналга түшүп кеткен эки киши куткарылды