Антальяда автокырсыктан кыргызстандык кыз каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 8-апрелге караган түнү Түркиянын Анталья шаарында болгон жол кырсыктан кыргызстандык кыз көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Каза болгондордун бири Кыргызстандын 29 жаштагы жараны Айпери Бактыбек кызы экени аныкталды. Экинчи жабырлануучу Д.Асранкулованын акыреги сынып, ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", — дешти ТИМден.
Ведомстводон билдиришкендей, Бактыбек кызынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралууда.
Жети-Өгүздө мас айдоочу жүргүнчү салып жаткан унааны сүзүп, 2 адам каза болду