БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду.
Континенталдык биринчилик Казакстандын борбору Астанада өтүүдө. Кыргызстандык Махмудов 77 кг салмак менен намыс талашып жаткан.
Акжол 1/4 финалда түркмөнстандык, ал эми жарым финалда япондук атаандашын жеңген. Ал эми финалда ирандык атлет менен беттешмек болгон, бирок ал жаракатынан улам кармашуудан баш тартып, алтын медаль Акжолго берилген.
Махмудовдун 2018 жана 2022-жылдары да Азия чемпионатында жылдызы жанып, финалда уткан.