БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россиянын лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Франциянын президенти Эммануэль Макрондун бир өлкө өзөктүк куралды башка өлкөнүн аймагына жайгаштыра албастыгы тууралуу айтканына комментарий берди.
Ал бул боюнча "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасында Павел Зарубинге айткан.
“Франциянын президентинин АКШга карата айткан каардуу сынын көптөн бери уга элек болчубуз”, - деп какшыктады Песков.
Макрон Пекиндеги маалымат жыйында өзөктүк куралды Беларустун аймагына жайгаштыруу боюнча Россиянын чечими анын эл аралык укук боюнча милдеттерине каршы келерин белгилеген. Анын айтымында, бир дагы мамлекет эч кандай шартта мындай аракеттерге барбашы керек.
Март айынын соңунда президент Владимир Путин Москва менен Минск тактикалык өзөктүк куралды Беларуска жайгаштырууну макулдашканын кабарлаган. Анын айтымында, республикада мындай типтеги куралды сактоочу жайды куруу иштери 1-июлда аяктайт. Президент Россия эл аралык милдеттерин бузбай турганын, өлкө болгону ондогон жылдардан бери өзүнүн тактикалык өзөктүк куралдарын Европага жайгаштырып келген АКШнын жасаганын кайталап коерун айткан. Песков Батыштын реакциясы Москванын планына таасир этпей турганын белгиледи.