Кыргызстандыктар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу жумуш табуунун жолу

Аталган порталда беш миңден ашуун вакансия бар.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө онлайн режиминде мыйзамдуу жумуш табуунун жолдору тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Министрлик "Занятость" (www.zanyatost.kg) интерактивдүү веб-порталы иштеп жатканын билдирди. Анда республика боюнча бардык бош орундар, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтар, ошондой эле жаңылыктар жана пайдалуу маалыматтар бар.
Порталда министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө жумуш издөөчү катары катталуу үчүн онлайн арыз берүүгө, коомдук жумуштар же кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алууга болот. Ошондой эле иш берүүчүлөр талап кылынган адистерге арыз калтыра алышат.
"Бул портал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Чек арасыз жумуш" автоматташтырылган издөө маалыматтык системасы менен интеграцияланган. Бул биздин өлкөдөн тышкары Россияда, Беларуста, Казакстанда жана Арменияда мыйзамдуу ишке орношууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Вакансия бөлүгүндө иш берүүчүлөрдөн беш миңден арыз катталганы кошумчаланды.
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы кызматына сынак жарыяланды