Шайлоого карата коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо чаралары көрүлүүдө

Ар бир шайлоо тилкесине милиция кызматкерлери бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын ИИМ кабарлады.
Бул боюнча буйрук чыгарылып, алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнү белгиленди.
Ар бир шайлоо тилкесине милиция кызматкерлери бекитилген.
9-апрелге белгиленген 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт.
Беш облуста айылдык кеңештерге шайлоонун биринчи этабы башталды