5-апрелде Брянск облусунун Клинцы районунда россиялык күч органдары украиналык жеңил мотордуу А-22 учагын "кондурушту". Учкуч куралданган, бирок документсиз болуп чыкты. Ал чек арага жакынкы Чернигов облусунан бери бет алган. Черниговдук "Скорценинин" жабдуусу, куралдануусуна карап, ал чалгын, диверсия же Украинанын Чалгындоо башкармалыгы (Коопсуздук кызматынын) адисин Россиядан чыгарып кетүү үчүн келгенин болжоого болот. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ошол окуяга баам салган.
Кармалган 67 жаштагы Александр Морозов жай жаран экенин кайталайт. Украина Куралдуу күчтөрү тарабынан жалданган. Украиналык абадан коргонуу каражаттарынын абалын текшерип жатып "кокустан" россиялык аба мейкиндигине кирип кеткенин айтат.
"Алдыңкы катардагы учактын аркасынан жапыз учуп, анын буйругу жаңырганда сүрөткө тартуу тапшырмасы берилген", - дейт ал. Аткарган милдетине 50 миң гривен (1 350 долларга барабар) төлөнмөк болуп, ал эми автомат "коргонуу үчүн берилген".
Учкуч аргасыз конгондо куралын токой тилкесине дароо ыргытып жиберген. Ошол жерден эки электрондук планшет менен эки видеокамера да табылган. Украиналык улутчул Морозов Украина Куралдуу күчтөрүнө 2014-жылдан бери кызуу көмөктөшүп келген.
Мурдагы күнү Брянск облусунун Сураж районундагы спорттук эки учактын 5-апрелдеги рейди тууралуу кеңири маалымат чыкты. Жапыз аралыктан "Слава" (Росрезерв) комбинатынын территориясына эки бомба алар тарабынан ташталган. Жабыркагандар жок, болгону жерде төрт метрден ашуун диаметрдеги эки оюк калды.
Клинцы районунда украиналык учактардын бири чалгындоо-диверсиялык милдетти аткарып, кайтканында жерге кондурулган. Украиналык чек арадан 70 чакырымдай аралыктагы "Слава" комбинатына Украина Куралдуу күчтөрү эки ирет – 2022-жылдын 30-ноябрь жана 6-декабрында чабуул койгону маалым.
Ошондой кол салуулардын биринен кийин Брянск облусунун өрт өчүргүчтөрү мунай өндүрүмдөрү сакталган үч резервуарда жалынды токтотуу менен алпурушту. Брянск облусунун аймагында террордук кооптуулук "сары" деңгээлде, атайын кызмат, укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштейт. Ошентсе да аймакта Украина Куралдуу күчтөрү диверсиялык рейддерин түк токтотпойт.
Сураж, Клинцы райондорундагы окуялардан соң 5-апрелде украиналык жанкечти учкучсузу Сум облусу менен чектешкен Сузем районуна чабуул жасаган.
Ал эми мурдагы күнү кечинде Россия Федералдык кызматынын Брянск облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары Погарск районунда мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 20 кишини кармашкан. Ошол күнү таңда эле украиналык улутчулдар чектешкен Запесочье кыштагын аткылашкан. Көктөм кызуу өтчүдөй өңдөнүп калды.
Америкалык CNN телеканалы Россиянын бекем тылындагы логистика объектилерине Украина Куралдуу күчтөрү HIMARS тибиндеги куралдар менен сокку урууну күчөтөрүн болжолдойт. Украиналык Башкы штаб Пентагондун кол куурчагы экенин эске алсак, аталган маалымат каражатына да ынанууга болот.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы Батыштан сокку уруучу учкучсуздар менен жабдууну жыйноо аркылуу РФтин чек арадагы аймактарында абадан коргонуунун тутумдарын тыкыр талдоодо. Көктөмдөгү "контрчабуулунун" жүрүшүндө дрондорду жапырт колдонуу үчүн токойдогу тилкелер пайдаланылып, черниговдук, сумдук, харьковдук чалгынчы жана диверсанттардын рейддери жүрүп жатат.
Россиянын чектешкен аймактарында Украина Чалгындоо жана Коопсуздук кызматынын диверсиялык аракеттеринин күч алышы өзгөчө көңүл бурууну, жогорку чыңалууну, контрчаралардын кеңири түрүн талап кылат.
Россиялык аскердик чалгындоо Украина Куралдуу күчтөрүнүн даярдыктарын улам жок кылууда. Одессанын "Школьный" аэродромундагы жана НАТОлук учкучсуз авиатехника топтолгон башка түйүндөрдө табышмактуу ангарлар жарылып, өрттөнүп калууда. Бирок Россиянын жаңы төрт аймагындагы оор кырдаалды айтпаганда да, 1000 чакырымдан ашуун аралыктагы Брянск, Курск жана Белгород облустарындагы чек ара линияларын электрондук-оптикалык байкоо каражаттары, абадан коргонуу, радиоэлектрондук күрөш тутумдары менен жаап коюу татаал.
РФ президенти Владимир Путин 5-апрелде бошотулган Луганск, Донецк республикалары, Запорожье, Херсон облустарындагы тымызын диверсиялык иш алпаргандар менен катуу күрөшүүгө үндөдү. Ошондой эле Брянск, Курск, Белгород, Воронеж облустарынын жергиликтүү тургундарынан байкоочу "оперативниктерди" активдүү түрдө тартуу абзел.
Мобилдик байланыш азыр ар бир кишиде бар, чек араны кайтаруу кайсы бир убак аралыгында жалпы элдик вазийпага айланышы ыктымал. Мындан сырткары, Киевде Украина Чалгындоо кызматынын диверсанттарынын башкаруу органы жайгашкан
Электриков көчөсү, 33 дареги кеңири белгилүү. Адистер дагы далай даректи аташат. Албетте, андай объектилерден "Кинжалдарды" аяшпаса керек...
Эгер диверсиялык операциялар улам кызый берсе, Россиянын чек арасына жакын украиналык учкучсуздар кескин азая түшөрү бышык. Ал эми АКШ мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен НАТОнун Украина үчүн "ачык эшиги" жабык экенин түшүнбөй койбойт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар