Бишкекте "Жалпы жат жазуу" акциясы кандай өттү. Сүрөт

"Жалпы жат жазуу" — жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык билим берүү акциясы. Ага каалаган ар бир адам катыша алат.
Sputnik
Максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу.
Биз "Газпром Кыргызстан" мектебине барып, акция кандай өткөнүн чагылдырып келдик.
1 / 12

Жалпы жат жазуу" акциясы борбор калаада 8-апрелде өттү

2 / 12

Акция "Газпром Кыргызстан" мектебинде жана КРСУнун корпустарында уюштурулду

3 / 12

"Жалпы жат жазуу" — жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык билим берүү акциясы

4 / 12

Максаты — ар бир адамга орус тилин кандай билерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана сабаттуулукка болгон кызыгуусун арттыруу

5 / 12

Бул жат жазуунун идеясы Новосибирскиде жаралган

6 / 12

Быйыл жат жазуунун текстин владивостоктук жазуучу Василий Авченко түздү

7 / 12

Аталган акция борбор калаада бир нече ирет уюштурулган

8 / 12

Долбоордун жетекчиси Вячеслав Беляков акциянын жайылышына пандемия өзгөчө таасир эткенин билдирген

9 / 12

2019-жылы диктантка россиялык — 900, чет элдик 350дөн ашык шаар катышкан

10 / 12

Быйыл жат жазууга Камбоджа кошулса, чет жактагы өлкөлөрдүн ичинен Казакстан рекорд койгон, тагыраагы, аларда акция 10 шаарды камтый турган болгон

11 / 12

Акцияга катышкан "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучулары

12 / 12

"Жалпы жат жазуу" акциясына катышам дегендердин бардыгына эшик ачык болду

Тема боюнча:
Кантта "Эскерүү багы" акциясы өттү. Видео