Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн газ жок болот

Газ түтүктөрүн туташтыруу иштери пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө 10-11-апрель күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Бул күндөрү газ түтүктөрүн туташтыруу иштерин аткаруу пландалууда.
Буга байланыштуу Манас жана Чүй проспектилери, ошондой эле Фрунзе жана Коенкөзов көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда көгүлтүр от болбойт.
Бишкектеги 47-колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы айтылды