Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Блинкен Украинадагы атышууну токтотууга каршы экенин билдирди

Блинкен Россия мындай элдешүүнү аскерлерин кайра топтоп, чабуулга өтүү үчүн колдонушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШнын бийлиги Россия менен Украинанын ортосундагы ок атышууну токтотуу үчүн мүмкүнчүлүк көрбөй жатат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Айрымдар үчүн атышууну токтотуу идеясы азгырыктуу көрүнүшү мүмкүн. Мен муну түшүнөм, бирок Россия тараптын Украинанын чоң бир аймагын басып алуусун иш жүзүндө мыйзамдаштырууга барабар болсо, анда адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнобойт", — деген ал Funke басылмасындагы маегинде.
Ошондой эле Блинкен Россия мындай элдешүүнү аскерлерин кайра топтоп, чабуулга өтүү үчүн колдонушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.
Ал эми Москва Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: НАТО өлкөлөрүнүн ортосунда Украина боюнча чоң пикир келишпестик бар