Беш облуста айылдык кеңештерге шайлоонун биринчи этабы башталды

Келүүгө шарты жок жарандарга атайын кызматкерлер көчмө урналарды алып барып, добуш беришине шарт түзүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 14 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерге шайлоо тилкелеринен сырткары жайларда добуш берүүсү башталды.
Жалпысынан 11 айылдык кеңештеги шайлоо комиссияларына үйүнөн добуш берүү үчүн 153 шайлоочудан арыз түшкөн. Алардын 75и карыгандар, 15и майыптыгы барлар жана 63ү ооруп жатканына байланыштуу болгон. Бул жарандарга аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери көчмө урналарды алып барып, добуш беришине шарт түзүп беришет.
Ал эми эртең, жекшембиде, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жалпы добуш берүү жүрөт.
Шайлоо өтө турган кеңештердин тизмеси:
Нарын
Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештери.
Баткен
Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештери.
Ош
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңеши, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши.
Талас
Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештери.
Чүй
Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши.
БШК Абировдун ордуна депутат шайлоого канча акча жумшаларын айтты