Май айында Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз учак каттай баштайт

Буга чейин апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Рейсти Россиянын "Азимут" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарып турмакчы.
Ал эми июнь айынан тартып Сеул — Бишкек — Сеул багыты боюнча аба каттамы ачылары айтылган.
Апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай баштайт