Кытай Украина боюнча Батыштын көрсөтмөсүнө катуу жооп кайтарды

Буга чейин Си Цзиньпин Макрон менен сүйлөшүү учурунда Украинадагы кризисти чечүүнүн “сыйкырдуу дабасы” жок экенин, ал үчүн тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү баштоо керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Пекинге Украина маселесинде кандай позицияда болушу керектигин айта турган абалда эмес. Бул тууралуу Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй "Известияга" берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш Кытайга көрсөтмө бере алчу, айрыкча жоопкерчиликти ага жүктөй турган статуста эмес", — деди элчи.
Ал ошондой эле жаңжал башталгандан бери Пекин аны тынчтык жолу менен жөнгө салуу демилгесин көтөрүп, эки тарапка тең курал-жарак бербегенин белгиледи.
Мындан тышкары, дипломат Россиянын Тайванга карата позициясы — Кремлдин "орой күч саясатына ыктаган" ири державалардан коркпой турганын айгинелейт деп кошумчалады.
Бейшемби күнү Си Цзиньпин Макрон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө украин кризисин чечүү үчүн эч кандай “сыйкырдуу даба” жок экенин айтып, тараптар чыр-чатакты токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо, өз ара ишенимди бекемдөө үчүн шарттарды түзүшү керектигин айткан.
Путин: Россия Кытай менен аскердик союз түзбөйт