Өлкө жетекчилери Апрель революциясында курман болгондорду эскеришти. Сүрөт

"Ата-Бейит" комлексинде шейит кеткен эр-азаматтардын арбагына багышталып куран окулду.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана бир катар бийлик өкүлдөрү Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскеришти.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алар "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окушту.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров жана бир катар бийлик өкүлдөрү Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскеришти

2 / 4

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алар "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окушту

3 / 4

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев катышты

4 / 4

Белгилей кетсек, 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон.

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев катышты.
Белгилей кетсек, 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон.
7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат.
Биз алган сабак — адилет башкаруу. Жапаровдун Апрель революциясына карата кайрылуусу