Доллардын курсу өссө да баа-баркы кетип жатат. Экономисттин түшүндүрмөсү

Экономист доллар кыйроого эбак эле учураганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Акыркы күндөрү евро менен доллардын рублге карата кымбаттаганы байкалууда. Учурда америкалык валюта 80 рублге жетти. Бул өткөн жылдын 19-апрелинен берки жогорку көрсөткүч экенин Россиянын саясий экономикалык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Василий Колташов Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Колташов бүгүн доллардын кыйроосун алдын ала айтуу модага айланып калганын белгиледи.
"Мындай божомолдорду чындыгында эмне болуп жатканын так билбегендер деле жасай беришет. Эгер абалды чындап, 19-кылымдын аягында экономисттер баалагандай талдасак, анда доллардын 30 пайызга арзандашы кыйроо деп эсептелет. Эгер доллар эң маанилүү резервдик инструмент болгон алтынга карата 30 пайызга арзандаса, анда бул кыйроо деп саналат. Ал эми алтындын баасы өстү. Башкача айтканда, 1990-жылдардан баштап эсептеп көрсөк, доллардын алтынга карата курсу бир нече эсеге төмөндөгөн. Мындан улам доллар чындап эле кыйраганын айтууга болот", — деди экономист.
Анын баамында, бүгүнкү күндө америкалык валютанын позициясы 1990-жылдардагыдай туруктуу эмес. Бул анын ишенимдүү жана туруктуу сактоо каражаты катары ишенимден кеткенинен кабар берери белгиленди.
Буга чейин Кытайдын Global Times гезити "АКШ долларды дүйнө жүзү боюнча мажбурлоочу курал катары колдонушу менен андан баш тартуунун глобалдык тенденциясын козгоп жатат" деп жазган.
Улуттук банк кечээ 45,2 млн. доллар сатты