Аллергия — бүгүнкү күндө балдар менен чоңдорго терс таасир эткен, эң кеңири тараган патологиялардын бири. Бирок анын бардык түрлөрүнүн ичинен анафилактикалык шок өтө кооптуу болуп саналат. Шашылыш жардам көрсөтүлбөсө адамды өлүмгө кептеши мүмкүн. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дары-дармек, курт-кумурска, тамак-аш (антибиотик менен өндүрүлгөн малдын азыктары, жер-жемиш ж.б.) анафилактикалык шокту чакырат.
"Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелине карата маалыматка ылайык, анафилактикалык шоктун 24 учуру катталып, анын кесепетинен бир адам көз жумган. Басымдуу бөлүгү цефтриаксон препаратын үй шартында колдонгондо болуп, дарыга жагымсыз реакция жаралган. Бейтаптарга препаратты чакыртылган медайымдар, кошуналар кандан эч кандай анализ албай, медкызматкерлердин кароосу жок жасаганы анык болду. Анафилактикалык шок болгон учурлардын арбышына антибактериялык препараттарды көзөмөлсүз, туура эмес пайдалануу себеп. Быйылкы көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу жогорулады. Анафилактикалык шок дүйнө жүзүндө ар кандай дары-дармекти көбүрөөк колдонгонубуз үчүн пандемия учурунда да көп катталган. Анафилаксия – белгилүү бир аллергенге реакция катары өнүккөн оор патологиялык абал. Ал кадимки аллергиядан бүтүндөй организмге таасир эткени жана оор белгилери менен айырмаланат. Гиперемия, дененин ысышы, эс-учун жоготуу, баш жана жүрөктүн оорушу, кан басымынын тез төмөндөшү, талма, дем алуунун кыйындашы — аталган патологиянын негизги белгилери. Биринчи кезекте капиллярлар жабыркайт. Кан мээни кычкылтек менен камсыз кылууну токтотот да, бул эстен танып калууга себеп болот. Башка ички органдар да жабыркайт. Ошондуктан шок алардын жабыркашына жана андан аркы патологияларга алып келиши мүмкүн. Анафилактикалык шокто аллерген киргенден кийин бир нече секунданын ичинде реакция берип, кыска убакыттын ичинде адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтиргени менен кооптуу. Шашылыш жардам көрсөтүлбөсө адамды өлүмгө кептейт", — деди Жумагулова.
Ал анафилактикалык шокту алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги үй шартында адамга ийне саюуга тыюу салуу буйругун чыгарганын жана дарыларды саюу дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө, саламаттык сактоо уюмдарынын процедуралык кабинеттеринде гана жасалышы керектигин кошумчалады.