Баткендин Өрүкзарында элдин күчү менен 6 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Негизги жолду асфальттоого айыл эли 6 миллион сом каражат топтогон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан Өрүкзар айылынын негизги жолуна элдин күчү менен асфальт төшөлмөй болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
1 / 3

Баткендин Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан Өрүкзар айылынын негизги жолуна элдин күчү менен асфальт төшөлмөй болду

2 / 3

Бүгүн, 7-апрелде, өкүлчүлүктүн жетекчиси Абдикарим Алимбаев аталган айылдын эли менен жолуккан

3 / 3

Облус башчысы, район акими, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен Өрүкзардын негизги жолунун курулушу боюнча маселелерди макулдашты

Бүгүн, 7-апрелде, өкүлчүлүктүн жетекчиси Абдикарим Алимбаев аталган айылдын эли менен жолуккан. Облус башчысы, район акими, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен Өрүкзардын негизги жолунун курулушу боюнча маселелерди макулдашты.
Алимбаев жашоочулардын демилгесин кубаттап, эл менен жасалган жумуш ийгиликтүү болорун айтты. Жетекчилер жана тургундар жолду сапаттуу жана арзан куруп берүүсү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешкен.
Өрүкзар айылынын негизги жолун асфальттоого айыл эли 6 миллион сом каражат топтогон. Ал эми айылдык эки ишкер 1 миллион сомдон салым кошсо, Ак-Турпак айыл аймагы жергиликтүү бюджеттен 6 миллион сом бөлгөн. Жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан 15 миллион сом каралганы белгилүү болду.
Баткенде зыян тарткан ишкерлерди колдоого быйыл 90,3 млн. сом бөлүнөт