БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Бишкектин тургуну Максим Чернышовго бүгүн УКМКнын конок үйүндө паспорт тапшырылды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
33 жаштагы тургун 16-март күнү соцтармак аркылуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге паспорт алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал ымыркайында асырап алган ата-энеси каза болуп калганын айткан. Мындан тышкары, калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок документ алуу аракетинен майнап чыкпаганын, себеби паспорт алууга негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын билдирген.
Көрүлгөн чаралардын негизинде Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. Бүгүн, 6-апрелде, Чернышовду Ташиев кабыл алып, көптөн күткөн документтерин тапшырды.