КР эл артисти, айтылуу опера ырчысы Сталбек Алмасбеков дүйнөдөн өттү

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков 5-апрель күнү дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
70 жашында каза болгон Сталбек Алмасбековдун ысымы республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү болчу. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.
Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, андан соң Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуган. Ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Окуу жайды бүтүп келгенден тарта акыркы күндөрүнө чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист, сахна чебери болуп иштеп келген.
Мударис Кусеин Исаев дүйнөдөн өттү