"Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай мурас катары сактап калуу максатында 2021-жылы өткөн сайма чемпионаты 500гө жакын саймачынын башын бириктирген. Ал эми 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам — элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоого карата жасалып жаткан аракеттердин бири. "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катыша алышат. Ал үчүн атайын катышуучунун барагын 13-апрель саат 17:00гө чейин толтуруп, катталуусу шарт. Кароо-сынак "Сайма чемпионаты – 2023" жана "Мыкты белдемчи" сынагы болуп эки багытта өтөт. Ал эми сынак 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында, 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында өз-өзүнчө болот. Ар бир топко ар башка шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлери эки башка деңгээлде болот. Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлык менен сыйланат. Байге фонду — 200 000 сом. Иш-чара уз-чеберлердин сайманын сегиз түрү боюнча мастер-класстары, "Шедевр белдемчи" аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.", — деди Рысбаев.