"Келечекти ойлобогула, ал жок". АКШлык адис өзөктүк согуш жакындап калганын айтты

Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Украинадагы кризистин шартында Батыштын чагымчыл аракеттери өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россия менен АКШнын ортосунда өзөктүк согуш боло турган нерсе. Мындай пикирин Рональд Рейгандын учурунда Ак үйдө иштеген Пол Крейг Робертс жазган макалага шилтеме берип РИА Новости билдирди.
“Вашингтондун тайкы саясатынан улам Россия менен АКШнын ортосунда өзөктүк согуш болбой койбойт. Кошмо Штаттар дүйнөлүк гегемониясын жоготкусу келбей, Россия сыяктуу тоскоолдукту жок кылууга ниеттенет. Ошол эле учурда Вашингтондун пропагандачылары бардыгына Москваны күнөөлөп жатат”, — деди Робертс.
Анын айтымында, Москва мындан ары Вашингтондун эч кандай кепилдиктерине ишенбейт.
“АКШнын тышкы саясаты чоң катачылык менен түзүлүүдө. Жашоодон ырахат алып жашагыла. Келечек жөнүндө тынчсызданууну токтоткула. Неоконсерваторлор келечек жок деп кепилдик беришти", — деп кеңеш берди ал америкалыктарга.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Украинадагы кризистин шартында Батыштын чагымчыл аракеттери өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.
Путин АКШнын элчисине эки өлкөнүн мамилесин эмне бузганын айтты