Радио

Ибраева: эми ооруканалар дары-дармек сатып алуу үчүн тендер өткөрбөйт

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева "Кыргызфармация" ишканасы бардык мамлекеттик ооруканаларды дары-дармек менен толук камсыздай турганын айтты.
Sputnik
Эми ооруканалар дары-дармек сатып алуу үчүн тендер өткөрүүгө катышпайт. Бул милдет жаңы түзүлгөн "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын жоопкерчилигинде болорун Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргызфармация" ишканасы дары чыгарган завод, компания, дистрибьюторлор менен мамлекеттик деңгээлде түз кызматташып, дары-дармекти арзан баада алып келүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.
"Жакында эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Учурда ишкананын максаты, аткара турган иштери такталып, адистер менен камсыз кылуу чаралары жүрүүдө. Ишкана мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары каражаттары, медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат. Эми ооруканалар дары-дармек сатып алуу үчүн тендер өткөрүүгө катышпайт. Бул милдетти жаңы түзүлгөн "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркалайт. Ооруканалар бейтаптарды дарылоо менен гана алек болот. Мисалы, чакан облустардагы ооруканалар кээ бир дары каражаттарын алууга тендер өткөрүп, көлөмү аз болгону үчүн фармацевтикалык компаниялар ага катышпай койгон учурлар көп катталат. Ошентип алар тиешелүү дарыны убагында ала албай, көйгөй жаралып келген", — деди Ибраева.
Ошондой эле адис чет өлкөдөн келген дары-дармектин сапатына "Кыргызфармация" ишканасы катуу көңүл буруп, көзөмөлдү күчөтөрүн кошумчалады.