Радио

Бала бакча жана мектеп жетекчилери инвестор тартуу боюнча окутула баштады

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы Нурзида Касымова бала бакчага же мектепке келген балдар мугалим жаңы нерселерди үйрөтөт деп келиш керектигин айтты.
Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги бала бакча жана мектеп жетекчилерине инвестор тартуу боюнча окутууларын баштады. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окутуу азырынча онлайн жүрүп жатат.
"Бала бакча жана мектеп жетекчилери үчүн министрлик инвесторду кантип туура тартып, билим берүү жайларын өнүктүрүүнү үйрөткөн атайын окутууларын баштады. Эң алгач болуп Чүй облусундагы бала бакча жана мектеп жетекчилери онлайн катышты. Мындай кадам акча чогултууга бөгөт коет. Мугалимдер акча чогултуу менен эмес, билим берүү менен алектениши керек. Ал эми билим берүүчү жайдын жетекчилери ошол эле кезде менеджер болуп каражат маселесин чечкенге өзү аракеттенсе болот. Окутуу иштерин жер-жерлерде каникул учурунда да улантууну пландап жатабыз", — деди Касымова.
Ал мектепте акча чогулткан мугалимге айып салуу мыйзам долбоору ишке кирсе мугалимдердин статусу көтөрүлө тургандыгын кошумчалады.