БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Зордукталган кыздар арыз жазып кайрылгандан кийин милиционерлер кайра өздөрүнө психологиялык басым жасап жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева парламентте билдирди.
Ал үстүбүздөгү жылдын 2-февралында 9 жаштагы кыздын апасы Сокулук райондук милициясына арыз жазганын айтып, 158-берене менен ("Сексуалдык катнашсыз ыплас аракеттер") иш козголгонун мисал келтирди. Бирок депутаттын айтымында, тергөөчү, аймактык тескөөчү энеси менен кызына психологиялык басым жасап ишти жабууга аракеттенип жатышат.
"Эки ай өттү, эч кандай жыйынтык жок. Бул милициянын кайдыргерлигиби? Ишин так аткарбай шалаакылыгын көрсөтүүдө. Биздин милиция кызматкерлери психологиялык басым жасагандан кийин өспүрүм кыздарыбыз өзүнө кол салууга барып жатышат. Ички иштер министрине кайрылам, ушул боюнча кызматкерлериңиз менен иш алып барсаңыз", — деди Раимбачаева.
Аны менен катар эл өкүлү жакында Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев милиция кыздарга кандай мамиле жасап жатканын көрсөткөнүн белгиледи.
"Ал өспүрүм кыздар өз каалоосу менен жыныстык катнашка барат деп жатат. Бул туура эмес, ошого көңүл буруп койсоңуздар жакшы болот эле", — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго.
Белгилей кетсек, узаган жумада ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев түз эфирде жашы жете элек кыздар кишилер менен таанышып, өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барып, дайынсыз жоголуп кеткен окуялар катталып жатканын билдирген. Анын пикири соцтармакта секелек кыздарга карата жасалган кылмыштарга өздөрүн айыптоо катары кабылданып, сынга кабылды. Мындан улам ИИМ Ногойбаевдин үстүнөн ички иликтөө жүргүзүп баштады.
Кийинчерээк бир топ активисттер анын отставкасын талап кылып митингге чыгышкан, өз кезегинде шаардык милициянын башчысы туура эмес сүйлөп алганын айтып кечирим сураган.