Кыргызстандагы калктын жыштыгы кандай? Статистика

Маалымат өткөн жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын өлкө боюнча жыштыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ага ылайык, республикада туруктуу калктын орточо жыштыгы бир чарчы чакырымга 35 адамды түзгөн.
Региондор боюнча алсак, Чүй өрөөнүнө 107 адам туура келген. Бул аймак калктын эң жыш жайгашкан жери болуп эсептелет. Регион өлкө аймагынын 10,2 пайызын ээлеп, Бишкек шаарынын тургундарын кошкондо жалпы элдин 31,4 пайызы жашайт.
Калктын жыштыгы боюнча экинчи орунда Ош облусу менен Ош шаары турат. Мында бир чарчы чакырымга 61 адам туура келет. Аймакта жалпы калктын 25,8 пайызы жашайт.
Баткен жана Жалал-Абад облустарында — 33-38;
Талас облусунда — 24;
Ысык-Көл облусунда — 12 адам туура келген.
Нарын — калктын жайгашуусунун жыштыгы төмөн болгон регион экени аныкталган. Анда бир чарчы чакырымга 7 адам туура келет.
Статистика 2022-жылы өткөн эл каттоонун жыйынтыгы боюнча берилген.
Кыргызстан калкынын канчасы эмгекке жарамдуу экени айтылды