Кыргызстан менен Сербияга жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу талкууланды

Диалогду улантуу максатында Ивица Кулубаевди Сербияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Сербияга жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды кайра жандандыруу жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташуу менен саясий байланышты кеңейтүү зарылдыгы талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 3

Кыргызстан менен Сербияга жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды кайра жандандыруу жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташуу менен саясий байланышты кеңейтүү зарылдыгы талкууланды

2 / 3

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-апрелде, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичтин тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү

3 / 3

Анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалы, аны бекемдөө боюнча жасалчу кадамдар, соода-экономикалык чөйрөдөгү практикалык кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-апрелде, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичтин тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
Анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалы, аны бекемдөө боюнча жасалчу кадамдар, соода-экономикалык чөйрөдөгү практикалык кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды.
Дипломаттар туризмди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим бар экенин канааттануу менен белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Сербиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасына, Казы Дикамбаев атындагы ТИМдин Дипломатиялык академиясы менен Сербия ТИМинин Дипломатиялык академиясы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Диалогду улантуу максатында Ивица Кулубаевди Сербияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Кыргызстандыктар 24 өлкөгө визасыз эле бара алат. Тизме